7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик курултайчылардын пикири ЖК депутаттарын чычалатты

510

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде «Элдик курултай» жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Анда, депутат Мейкинбек Абдалиев кокус төңкөрүш болуп кетсе, курултай эмне иш аткарарын сурады.

«Эгер күтүүсүз абал болуп калса, шашылыш түрдө Элдик курултай чакырылат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары качып кеткен. Бийликтин бир да өкүлү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка бутак жок болгон», — деди Чолпонбек Абыкеев.

«Ошондой окуя болуп кетсе, Жогорку Кеңеш же башка болбошу керек. Силер топтолуп, Кыргызстандын келечегин же президенттин милдетин аткаруучу дейбизби, ошону чечесиңер. Түп тамыры ошондо туурабы?» — деп сурады депутат.

Анда Абыкеев бардык бийлик элдики экенин, элдин өкүлдөрү келип чечим чыгарууга укуктуу экенин айтты.

Буга таң калган Абдалиевдин «Жогорку Кеңеш элдин өкүлү эмеспи?» деген суроосуна Абыкеев «Жогорку Кеңеш качып кетип, таппай калбадык беле» — деди.

«Качып кетпей эле, Жогорку Кеңеш чечим чыгарып берди» — деди депутат.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев ачууланды. «Каякка качып кетти? Ошону айтыңызчы сиз? Эл угуп жатат да. Депутаттар качып кетти дейт. Каякка качып кетти? Ким айтат?» — деди Нурбек Сыдыгалиев.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн бири үч төңкөрүштө тең депутаттар чет өлкөгө качып кеткенин билдирди.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова сүйлөөрдөн мурун ойлонуу керектигин айтып, депутаттардын чет өлкөгө качып кеткенин айткан жаранды сыртка чыгарууну суранды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511