7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров депутаттарды мамлекеттин тагдырына таасир эте турган чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликтүүлүккө чакырды

510

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюу керек болгон тарыхый күн экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров жалпы өлкө үчүн тарыхый жана жооптуу учурда өз пикирин билдирүү үчүн бүгүнкү маселени талкуулоого өзүнүн катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз баяндамасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзбек тарап менен бул маселе кандай чечилип жатканын кеңири айтып берди.

Садыр Жапаров депутаттарга кайрылып, мамлекеттин тагдырына таасир эте турган чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511