7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров добушун абактагы Равшан Жээнбековго берген. Себеби эмнеде?

1454

Садыр Жапаров добушун абактагы Равшан Жээнбековго берди. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, президенттин дос-туугандары добушун бербегендиги үчүн таарынып жатышкан.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат. Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.

Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө.

Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем», — деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1455