7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров электрондук колтамгасы бар документтерге кол коюп, аткарууга жөнөттү

793

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик колтамгасы бар документтерге кол коюп, «Infodocs» тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү.

Президенттин Администрациясы кагазсыз электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн алкагында жана Мамлекет башчынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутумун ишке киргизди.

Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат, ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин оптималдаштырат. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген, аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 миң кызматкерин түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794