7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Эми мал-мүлкү бар туруп, пособие алгандардын сүрөтү коомго жарыяланат

355

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эми мал-мүлкү бар туруп, пособие алгандардын сүрөтү коомго жарыялана тургандыгын эскертти.

Анын айтымында, Кытайдын премьер-министри расмий сапары менен бизге келгенде алардын методологиясын жакшылап билүүгө мүмкүн болгон. Ошондой эле, Кыргызстан кийинки жылдан баштап жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө Кытай методологиясына өтө тургандыгын айтты.

“Биз Дүйнөлүк банктын методологиясы менен жүрөбүз. Ошол боюнча боюнча биздики бүт эле жакыр, 1,5 млн унаа бар, бирок баары эле жакыр. Кытай тараптан сурап көрсөк, алар ар бир үйдү сүрөткө тартып, үй-бүлөнүн кирешесин көрүп, анан жардам берет экен. Биз кийинки жылы ушундай методологияга өтөбүз. Азыр 212 миң үй-бүлөнү сүрөткө тартып бүтүрдүк. Ким кедеймин десе, аны сүрөткө тартып алабыз. Бизде пособиелер көбөйдү. Аксыга барганда бирөө айтып жатат, алты саны аман, волейбол ойнойт, кечинде карта ойнойт дейт, анан 8 миң пособие алып жатат дейт. Ошондуктан, азыр чыгым жагын катуу ревизия кылалы деп жатабыз. Ким пособие алып жатса телевидениеге, анан интернетке үйү, машинасы менен сүрөткө тартып, ушул киши пособие алып жатат деп элге жарыялоону карап жатабыз”, — деди өкмөт башчы.

356