2024-жылы аз акча алган мамлекеттик кызматкерлердин гана айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтты.
Депутат Айбек Алтынбеков «2024-2025-жылы бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөбү?»,- деген суроо узаткан.
«Көбөйбөйт, биз жакшы эле көтөрүп бердик… Азыр колунда жокторго жиберебиз. Эң аз алып жаткандарды көтөрүш керек, муну Садыр Нургожоевич принцип катары мага айтты. Сиз айтып жаткандардын 7 миң сом алып жаткан мамлекеттик кызматкер болсо, анысын көтөргүлө деди. Бирок 70 миң алып жатканды кичине коё турсун деди», — деди Акылбек Жапаров.