7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

395

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Берлин шаарында Германия Федеративдүү Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушууга келген мекендештерге ыраазычылык билдирип, иш сапарынын алкагында пландаштырылган иш-чараларга, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолду.

Берлиндин борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган айкелдин маанисин белгилеп, Садыр Жапаров Улуу “Манас” эпосу кыргыз элинин жалпы тарыхын, каада-салтын жана үрп-адаттарын камтыган тарыхый баа жеткис булагы болуп саналарын белгиледи.

“Биздин ата-бабаларыбыздын калтырган бул зор осуяты бүгүнкү күндө да өзүнүн маанисин жоготкон жок жана бизге дайыма жол көргөзүп келет — бул элди биримдикке, ынтымакка чакыруу”, — деди Президент.

Мамлекет башчысы “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарын айтып, аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал “Жаш Манасчы” Германиядагы кыргызстандыктарга алардын мекен менен болгон байланышын ар дайым эске салып турарына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып, кыргызстандыктар Кыргызстан менен дайыма байланышта болуп, мекенине кошкон салымдарын мындан ары да улана берерине ишеним артты.

Өз кезегинде диаспоранын өкүлдөрү суроолорун берип, өлкөдөгү оң реформаларды, атап айтканда социалдык-экономикалык тармактагы өзгөрүүлөрдү белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396