7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Берлиндеги жаңы “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты

251

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германия Федеративдүү Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди.

“Жаш Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар.  10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Президент Садыр Жапаров бул айкелдин Кыргызстандын Элчилигинде пайда болушун канааттануу менен белгилеп, “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарына токтолду.  Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын эскертип турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

252