7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту (ФОТО)

538

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү менен жылуу учурашып, аларды планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады.

Альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Садыр Жапаров кыргызстандыктардын эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышы өлкөнүн бүткүл элинде сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратып жатканына көңүл бурду.

Ал өлкөнүн альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Өз кезегинде кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоосу кыргызстандык – КРнын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында багындырышкан.

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти.

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Президент Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты.

Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө.

Белгилей кетсек, Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539