7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Глазго SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна Саммитке катышуу үчүн келди

461

Бүгүн, 1-ноябрда Президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон учурашты.

Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, эртең, 2-ноябрда, Президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462