«Урматтуу медиктер мен сиздерден суранам, башкалар колдобосо дагы сиздер министриңиздерди колдоп берип туруңуздар! Мен да колдоп турам. Ошондо гана медицина тармагында реформа жасайбыз«, — деген өлкө башчысы Баткен эли менен жолуккан кезде, Саламаттыкты сактоо жана илим министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүүгө кызыктар күчтөр көп экендигин айтты.
«Министрди кетиребиз деген күчтөр өтө көп. Анткени министр барган күндөн баштап мен тапшырма бергенмин, «Медицина тармагындагы коррупцияны толугу менен жок кыласың, уурдалып жаткан акчаларды токтотосуң, медицина тармагын бийик деңгээлге алып чыгасың», -деп. Бир айдан кийин келди, духу түшкөн. «Азыр мен тазалоону баштасам ар тараптан атака башталганы турат, аягына чейин колдоп бере аласызбы?» -деп. Эч коркпой баарын тазала дедим.
Ошонун негизинде 5,6 эле уурдап, ичип-жеп келген адамдын алкымын бууп, 3 жарым миң, үй-бүлөлүк даарыгерлердин айлыгын 100%га, калган 10 000 медицина кызматкерлеринин айлыгын 50%га көтөрүп бердик. Бюджеттен буга бир сом да бөлүнгөн жок! Болгону 5,6 адам тарабынан уурдалып жаткан акчаны токтотуп туруп айлыкты көтөрдүк. Мына ушуну жасаган жалгыз министр ушул.
Урматтуу медиктер мен сиздерден суранам, башкалар колдобосо дагы сиздер министриңиздерди колдоп берип туруңуздар! Мен да колдоп турам. Ошондо гана медицина тармагында реформа жасайбыз«-деди Президент Садыр Жапаров.
Посмотреть эту публикацию в Instagram