Социалдык тармактарда «УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын делегациясынан кечирим сурады» деген видео тарап, коомчулукта катуу талкууга алыган. УКМКнын басма сөз кызматы тарап жаткан видеотасма боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, видео монтаждалып, атайын кызматтын башчысынын беделин түшүрүүгө багытталган.
Буга чейин, журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчаларына сүйлөшүү учурундагы видеонун оригиналы менен монтаждалганын жүктөп: «Кыргыз бийлигин Тажик бийлигинин алдында алсыз кылып көрсөткүңөр келип, эптеп эле ушул аз да болсо Кыргыз тарапка зыяныңарды тийгизгенге аракет кылып жаткандар, Ташиев кечирим сурады деп айгай салгыңар келгени өкүнүчтүү жана силердин кыргыздын душманы экениңерди дагы бир жолу далилдеп турат. Монтажыңар менен силерди…! Ал жерде ондогон кишилер болду. Баары күбө», — деген билдирүүсүн калтырган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram