Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берген.
Садыр Жапаров чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек аралардан башталарын баса белгиледи.
Президент окуяда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону Президент жеке өзү көзөмөлдөйт.