7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров үй-бүлөсүн саясатка аралаштырбоого сөз берди. Эгер байкасаңыз кабарлаңыз

1137

Садыр Жапаров үй-бүлөсүн саясатка аралаштырбоого убада берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда жылдык маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирди.

Анын айтымында, уулуна “Эл үмүтү” партиясына лидерлик кылуу боюнча сунуш түшкөн.

“Менин баламдын “Эл үмүтү” партиясы менен болгон катыштыгы бар экендигин депутат Дастан Бекешев айтты. Мен баламан сурасам, көрсө ага саясий партияны башкарып, шайлоого аттануу сунушу чындыгында эле түшүптүр. Бирок мен катуу тыюу салдым. Эгер кандайдыр бир аралашкандыгы тууралуу маалымат уксаңар мага кабарлап койгула, мен созсүз чара көрөм”, — дейт ал.

Ал ошондой эле үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук менен алектенгендиги тууралуу айтты. Чындыгында, “Үмүт булагы” кайрымдуулук фондунун иш-аракети биринчи айым Айгүл Жапаровага таандык.

“Фонд 2010-жылы эле түзүлгөн. Буга чейин ал мынчалык активдүү иш алып барчу эмес. Мындан бир жыл мурун иштөөсүнө уруксат бергем. Демөөрчүлүк кылам деген ишкерлер болду. Алар азыркы учурда оорулуу балдарга жардам берип жатышат”, — дейт ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1138