7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү 3800 метрлик туннелге барып, бүтүрүү талабын койду

1510

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү ири туннелдин курулушун көргөн.

«Садыр Жапаров туннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу боюнча бардык иштер сапаттуу жасалып, өз убагында бүтүшү керектигин белгилеп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине долбоордун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин айтты», — деп жазылган маалыматта.

Президентке учурда туннелдин 2 991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалган. Аны куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы 10 метрди, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Анын 3 800 метринин 3 619у тешилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1511