7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров казиного каршы чыгууга даяр экенин билдирди

3242

Жапаров казино боюнча долбоорго вето коюуга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат булагы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда вето коюуга даяр.‍

Белгилей кетсек, кечээ 26-апрелде президент телеканалдардын бирине маек берип, анда казинолорду ачууну колдорун айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3243