27-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын билим берүү жана илим министри И. Хадиуллин менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим жаатында кызматташууну тереңдетүүгө, Кыргызстан менен Татарстандын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты арттырууга эки тараптуу кызыкдар бар экендиги белгиленген.
“Татарстандын орто атайын билим берүү тутумун реформалоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кыргыз тарабынын кызыгуусу айтылган. Тараптар Кыргызстан менен Татарстандын кесиптик билим берүү жаатында кызматташуу программасын иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты”,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы колледждердин биринин базасында Татарстандын орто атайын кесиптик билим берүү мекемесинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.