28-апрель күнү саат 09:00дөн 16:00гө чейин электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу №8 жана №9 троллейбус каттамдары убактылуу жүрбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, каттамдардын убактылуу токтошу «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки жолунун астындагы магистралдык жылуулук тармагын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
«Иш чыңалган учурда бардык каттамдар, анын ичинде №8 жана №9 троллейбустар линияда болот», — деп берилет маалыматта.