Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 31 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.