7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодексин кайра карап чыгуу үчүн ЖКга кайтарды

920

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодексин кайра карап чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга президенттин каршы пикирин карады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилегендей, ал кодекстин демилгечиси катары президенттин каршы пикирине макул болгонун билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, президенттин каршы пикирлеринде кодекстин айрым ченемдерин кайра карап чыгуу сунушталган, буга байланыштуу кодекстин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү зарыл.

Талкуунун жыйынтыгында Комитет президенттин каршы пикирине макул болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

921