7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстан биринчи жолу ЕАЭБдин бюджетине алганга караганда көп акча которду

585

2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы бюджетине биринчи жолу 4 млрд сом которду, бул сумма алганга караганда көп. Бул тууралуу Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөрүлгөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып билдирди.

Отурумдун катышуучуларынын кароосуна Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу 11 маселе коюлду. Буга чейин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынынын күн тартибине коюлган бир катар маселелер каралган.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2023-жылы Евразиялык экономикалык комиссиясы жана Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер интеграциялык байланыштарды чыңдоо, биздин мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, ошондой эле биздин жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча иштерди уланта турганын белгиледи.

“Өткөн жылы интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттердин ИДПсынын жалпы көлөмү 2021-жылга карата көрсөткүчтүн 99 пайызынын чегинде сакталды. Иш жүзүндө ошол эле коридордо өнөр жай өндүрүшүнүн деңгээли сакталып калган. Айыл чарба өндүрүшүнүн прогрессивдүү өсүүсү белгиленди, ал 5 пайызга, ал эми бүткөрүлгөн курулуш иштеринин көлөмү 5,5 пайызга өстү”, — деди ал.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7 пайызды түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,4 пайызга өстү.

“Оң тенденция курулушта да байкалды, анда көлөмдүн өсүшү 8,0 пайызды, айыл чарбасында 7,3 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада 7,5 пайызды түздү. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,2 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,2 пайызга өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 1,9 эсеге, импорттук түшүүлөр 1,2 эсеге өскөн. Салыктык жана бажылык башкарууга жаңы ыкмалардын, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуунун аркасында биз салыктык түшүүлөрдү 51 пайызга жана бажы төлөмдөрүн 58,2 пайызга көбөйттүк. Мамлекеттик бюджеттин жалпы салыктык кирешелери 50 пайыздан ашык көбөйдү”, — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586