7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Өлкөдөгү 20 шаарда эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда

675

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар жана реформалар талкууланды

Акылбек Жапаров белгилегендей, КРнын рыноктук экономикага социалдык жактан багыт алган өлкө бойдон калууда.

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын эң көп жогорулатуу жүргүзүлдү, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү. Бул багытта министрлер кабинети чоң пландарды коюп жатат. Анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда», — деди Акылбек Жапаров. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу максатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр эл аралык адистер изделип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле билим берүү тармагын реформалоо иштери жүрүп жаткандыгы, анда кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

Өз кезегинде Фадиа Саада Дүйнөлүк банк министрлер кабинетинин адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча демилгелерин кубаттай тургандыгын баса белгилеп, пландарды ишке ашырууда системалуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676