7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Өлкөнүн ИДПсы 10 жылда 311 долларга өссө, Садыр Нургожоевич келгени 700 долларга өстү

495

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында төмөнкүлөрдү билдирди.

«Дүйнөлүк финансылык институттар ар түрдүү маанайдагы прогноздорду беришкен. Бирок бизде туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү катталды. Садыр Нургожоевич келген жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы минус 7,1%га төмөндөгөн. 2020-жылдан бери 439 млрд сомго өстү. 2022-жылдын ИДПсы 11,5 млрд долларды түздү. ИДПнын 1 трлндук көрсөткүчтөрүн басып өтүүдөбүз. Бул тарыхый учур. Экранда көрүнүп турат. Баарыңыздарды куттуктайм! Ал эми 2024-жылы 2 эсе көбөйтүп, 1 трлн 259 млрд сомду түзөт деп депутаттык корпуска болжолдоп келдик. Калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2023-жылы 1900 долларда болору болжолдонду. 10 жылда 311 долларга өссө, Садыр Нургожоевич келгени 700 долларга өстү. Инфляцияга карабастан айлыктардын реалдуу өлчөмүндө өсүштөр болуп жатат. Статкомдун маалыматы боюнча 9 айда 32 миң сомдон ашты. Анын реалдуу өлчөмү, керектөө бааларынын индексин эске алып эсептегенде 10,7%га өстү»,- деди ал.

496