Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында төмөнкүлөрдү билдирди.
«Дүйнөдө глобалдуу чакырыктарда күчтөрдүн геосаясий балансы өзгөрүп, жаңы альянстар түзүлүүдө. Өнөктөштөргө тийген санкциялар, экономикалык изоляциялар чыңалууну күчөтүүдө. Инфляциялык рисктер, валюталык рынокторго санкциялардын таасири, сырьёлук рыноктогу жана транспорттук-логистикалык коридорлор менен байланышкан чырлар, геоэкономикалык жылышуулар болууда. Сууга, энергияга, азык-түлүккө маанилүү ресурс катары суроо-талаптын күндөн күнгө өсүүсү, технологиялык чечимдердеги тоскоолдуктар, IТ адистериндеги кадрдык дефицит жана башка мына ушундай кырдаал, жагдай, абалдарга карабастан, Кыргызстан акыркы жылдары өсүү динамикада болуп келе жатат. Бүт өлкөлөр менен мамилелер жакшырууда»,- деди ал.