7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен Алиев Ала-Арча жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты (ФОТО)

711

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды.

Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук “шырдак” килемдери менен таанышты.

Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштардан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү.

Этномаданий программа Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана  музыка менен коштолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712