7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Москвада жашаган 95 жаштагы ардагерге саат жана 100 миң сом жолдоду

1018

 

14-декабрда Кыргызстанда төрөлүп учурда Москва шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Россиядагы кыргыз диаспорасынын ардактуу аксакалы Ороз Мамыралиевдин 95 жылдык мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарада элчи Гүлнара-Клара Самат өлкө башчы Садыр Жапаровдун О.Мамыралиевге жолдогон куттуктоо катын окуп, ага президенттин жеке саатын жана Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо каражатын тапшырды.

Ороз Мамыралиев 1926-жылы 26-октябрда КРнын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө өрөөнүндө туулган. Согушту 15 жашар өспүрүм кезинде тоскон. Аскер курагындагы эркектердин баары фронтко аттанганда ага мыкты окуучу катары эң жооптуу жумуш – жайлоодогу малдын эсебин алуу тапшырылган. Бир жылдан кийин 16 жаштагы өспүрүм Токтогул айылдык кеңешинин катчысы болгон.

Ардагер ИИМдин атчандар армиясында 66 жыл эмгектенип, анын 30 жылын Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын 1-ыкчам полиция полкунун ардагерлер кеңешинин төрагасы катары иштеген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1019