7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды

593

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган.

Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси Ош шаарынын тургундары үчүн көп жылдардан бери эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Сел жана жаан-чачын учурунда шаардыктарга суу берүү токтотулат, анткени ачык көлмө — Ак-Буура дарыясынын пайдаланылып жаткан суусу булганат.

Президент Садыр Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594