7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Түркмөнстандын президенти менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

481

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын азыркы президенти менен баарлашууда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду үстүбүздөгү жылдын 12-мартында президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди. Гурбангулы Бердымухамедов менен парламенттин жогорку палатасынын Төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экени айтылды.

Тараптар регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Ошону менен бирге, Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта чоң ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстандын шайланган Президенти Сердар Бердымухамедовду 2022-жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү пландалып жаткан Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482