Бүгүн, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат.
Жыйында министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралууда.
«Тажикстан менен чек ара маселесин тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз», — деди президент.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.