7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишмердүүлүгүнө «эки» деген баа берилди

714

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, анда 2022-жыл боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүгүзүлгөн мониторингге токтолду.

“Быйыл министрлер кабинетинин иш-аракеттер планында 650 иш-чара каралган. Пландын аткарылышынын жыйынтыгында “мыкты” деген бааны тогуз мамлекеттик орган алды. “Жакшы” деген бааны 19 маморган, ошондой эле “орто” жана “ортодон төмөн” бааны алгандар болду. «Мыкты» деген бааны алгандар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ӨКМ, ИИМ, ТИМ, Коргоо министрли, Юстиция министрлиги, Улуттук статистика комитети, Соцфонд жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттик болду.  “Орто” бааны Инвестициялар боюнча агенттик, Энергетика министрлиги жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги алды. Тилекке каршы, эки алган бир гана орган болду. Ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги”, — деди ал.

Өлкө башчы ишмердүүлүгүнө эки же үч деген баа коюлган министрлердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715