7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү автожолдун курулушу менен таанышты

413

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылат.

«Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди. Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналган ички жолдорду куруу зарыл экенин белгиледи», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414