7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбак Түлөбаев: Мени «качан камалат экен я» дегендер да бар, түшүнсө болот…

940

«Мени «качан камалат экен я» дегендер да бар, түшүнсө болот», — дейт мурунку мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев экс-мэр Азиз Суракматовдун камалышына пикирин билдирип. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, ага Азиз Суракматов тууралуу көптөгөн суроолор берилип жатат.

«Калайык! Адам өз тагдырын өзү жасап, анан ошого ылайык жашайт экен! Акыркы убактагы окуялар ички дүйнөмдө уйгу туйгу. Оор эле. Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көөп суроолор берип атышат. Мага өтө оор. Чогуу иштедик көп иштер жасалды шаарда. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилетүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет. Коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп атат. Табулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилетүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз. «Эр жигиттин башы канжыгада».

«Беш манжа тең эмес». Мени качан камалат экен я дегендер да бар. Түшүнсөк болот. Мени «сүйүп» аткандар да жок эмес. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Кудайга шүгүр жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көргөзөт. Актануу эмес жараткан алдында, достук алдында, абийир алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жерди каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин», — деп жазат ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

941