7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров УКМКнын аскер бөлүгүнүн 50 жылдыгынын урматына Күжүрмөн тууну тапшырды

533

Бүгүн, 16-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин аталган аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы менен куттуктап, аскердик бөлүктүн күжүрмөн милдетин, тарыхын жана эмгегин айырмалаган ардактуу белги катары Күжүрмөн тууну тапшырды.

Жапаров бул аскер бөлүгү алгач Совет доорунда СССР мамлекетинин жогорку бийлик органдарындагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, коюлган талаптарды так аткарып, күжүрмөн даярдыгы менен айырмаланып келгенин белгиледи. Бүгүн дагы УКМКнын алдындагы тапшырмаларды аткарууда аскер бөлүгүнүн салымы чоң экендиги күмөн жаратпайт.

Ал аскер кызматчыларына чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. Анткени өлкөнүн коопсуздугун камсыздоочу негизги орган – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги жумуш объектилеринин коопсуздугун камсыздоо 64479-аскер бөлүгүнүн кесипкөй жана күжүрмөн иш алып баруусуна байланыштуу.

Башка кесип ээлеринен айырмаланып, аскер кызматчыларынын алдына коюлган тапшырма ары татаал жана кыйла жоопкерчиликтүү. Себеби мамлекеттин бүтүндүгү менен эгемендигин коргоо үчүн аскер кызматчылары болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуудан сырткары, керек болсо өмүрүн да аябай, курмандыкка барууга даяр болору талашсыз чындык.

Ушуга байланыштуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — аскердик дараметти жана социалдык камсыздоону жогорулатуу болуп саналат.

Мамлекет башчысы ардагерлер жана ардагерлердин уюмдарынын өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоодогу ролун, аларга жаш жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер карап түздөнөөрүн өзгөчө белгиледи.

Андан соң Жапаров аскер бөлүгүндө казарма, УКМКнын А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты.

Аталган Институттун 2011-жылдын 28-мартында өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. Учурда анын базасында УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында КР УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер чечилүүдө.

Иш-чара соңунда Жапаров аскер бөлүгүндөгү ардактуу меймандардын китебине эстеликке каалоо-тилегин жазып калтырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534