7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн балыкты тор менен кармоого тыюу салды

767

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, КРнын Конституциясынын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768