7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балага кайсыл учурда «сүйүнчү» пул берилбейт?

713

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун кантип алуу керек? Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эске салды.

Жөлөкпул Кыргызстанда төрөлгөн балдарга (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары) берилет.

“Балага сүйүнчү” өлчөмү канча?

  • “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
  • Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

Арызды кайсы жерге берсе болот?

  • Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ);
  • Жарандык абал актыларын каттоо органдарына.

Арызды ким берсе болот?

  • бала менен жашаган ата-энесинин бири;
  • бала менен жашаган камкорчу;
  • бала менен жашаган асырап алган адам;
  • ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.

“Балага сүйүнчү” Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга чектелет:

  • Кыргызстандын жарандарына;
  • кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
  • балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө Макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Россия, Молдова, Тажикстан; Армения, Украина , Казакстан, Беларусь, Өзбекстан.

“Балага сүйүнчүнү” чектөө үчүн өзгөчө шарттар барбы?

  • “Балага сүйүнчү” үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.

Кайсы документтерди тапшыруу керек?

  • арыз ээсинин паспорту;

Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:

  • Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
  • Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;

Зарыл болгон учурда:

  • Кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
  • баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).

Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшериши керек, андан кийин өзүнүн колун коюш керек. Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке түшөт.

Жарандар акча каражатты РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алышы керек.

Эскертүү: Банкка которулган акча каражаттары алты айдын ичинде алынбаган учурда Республикалык бюджеттин эсебине кайтарылат;

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине смс – билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714