7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министрин кабыл алды

517

Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин ырастады. Эки боордош элди көп кылымдык достук жана жакшы коңшулук байланыштары, жалпы тарыхы, маданиятынын, каада-салттарынын, тилинин жана руханий баалуулуктарынын жакындыгы байланыштырып турат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүнү жактады.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында күтүлүп жаткан жооп сапарын канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн кезектеги сапаттык жаңы деңгээлине чыгарарына ишенимин билдирди.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышын кубаттап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүүсүн каалады.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков мамлекет башчысына өлкө президентинин тапшырмасы менен анын Кыргызстанга сапарын даярдоо максатында Бишкекке келгенин билдирди.

Сардор Умурзаков жакшы коңшулук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өзбек-кыргыз мамилелерин жана кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын жана кызыкдар экенин ырастады.

Ал ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду эки боордош мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518