7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Өзгөн айланма жолун көрүп чыкты

451

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты. 

Анда 2024-жылдын январь айында башталган бул жолдун курулушу пландан алдыда экени маалымдалды. Учурда Жазы дарыясындагы 77,25метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүргүзүлүп жатат. 

МинКаб башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштери менен жеринде таанышып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Андан соң МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Араван районундагы Көмүр брикет  иштеп чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

143.1 млн сомго курулуп бүткөн заводдо учурда 15 адам иш менен камсыз болгон. Кубаттуулук жылына  130,0 мин  тоннаны түзөт.

 

452