7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору кармалды

513

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана  Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды.

Тактап айтканда, аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан «Көк-Бөрү», «Кыргыз улуттук классикалык күрөш», «Алыш бел боо күрөш», «Салбуурун», «Кулатуу», «Ат оюндары» федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия  мамлекетинде өткөрүлгөн “4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына” барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана “Окуу-машыгуу жыйындарын” өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын  өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталды.

Учурда ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

514