7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жубайы менен чогуу «Чыңгызхан» музейине барды

590

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы «Чыңгызхан» музейине барды.

Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти.

Музейдин өзү — эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имарат.

Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, «Күмүш дарак» залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Монгол империясы, Чыңгызхандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана монголдор.

Ал жакка барганда Мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Чыңгызхандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591