7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаровдун чет элде иштеп, үй-бүлөсүн баккан мигранттарга карата жеңилдиктери

660

«Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Мен чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен бир нече жолу жолугуштум жана бөтөн жерде нан таап, үй-бүлөнү багуунун канчалык кыйын экендигин жакшы билем», — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында.

Анын айтымында, мигранттарга колдоо көрсөтүү максатында “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндөгү” Жарлыкка кол коюлган.

«Учурда чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын ар кандай документтерди, маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу алууга мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. 2021-жылдын мартынан баштап ID-карттарды консулдук кызматтар аркылуу кабыл алуу башталды, азыр чет мамлекетте жүрүп эле жалпы жарандык паспортту алса болот. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын тарифтери бир кыйла төмөндөдү. Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында биздин өлкө үчүн, Биримдикке мүчө мамлекеттерде иштеген биздин жарандар үчүн пайдалуу болгон бир катар макулдашуулар жана долбоорлор кабыл алынды. Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиялары жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Биримдиктин алкагында жумуш менен камсыз кылуу үчүн “Чек арасыз эмгек” тиркемеси киргизилди, мындан тышкары Кыргызстан “COVID-19 суз саякат” санариптик платформасына кошулду», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661