Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук мелдешинде «Президенттин администрациясы» командасы менен «Бизнес » командасы беттешип, 5:3 эсебинде оюн аяктады. Президенттин администрациясы” коло медалга ээ болду.
Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги “Газпром” комплексинде Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук беттеши өтүүдө.
Футболдук турнирде 6 команда ойноодо: Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.
Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.