7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүм кызды кезектешип зордукташкан. Арасында үй-бүлөлүүлөр да бар

10319

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 2004-жылы туулган өспүрүмдү айылдаштары кезектешип зордукташкан. Бул тууралуу кыздын таенеси Базаркүл аттуу 65 жаштагы тургун «Турмуш» басылмасына акыйкат издеп кайрылган.

Анын айтымында, зордукталган кыз анын жээни (кызынын кызы), жана ал кичинесинен бери ден соолугунан жабыркап окуяны толук айтып жеткире албайт. Ошол себептен мектепте 9-класска чейин эле окуп, уланткан эмес. Кыздын зордукталганын анын 4,5 айлык боюнда бар кезинде билишкен. Элге уят болбойлу деп Бишкекке жөнөтүшкөн. Наристе 8-июнь күнү Бишкектеги республикалык ооруканада жарык дүйнөгө келген. Өспүрүмдүн көз жарганы ИИМге катталып, кылмыш иши ошондо ачыкка чыккан. Ал эми териштирүүдө 20га жакын Бакай-Атанын тургундары тергөөгө чакырылган. Андан бери эч кандай иш жылбай, 2 бала менен гана беттештирүү болгон.

«Биз талаада жашайбыз. Ошол учурда биз үйдө жокто кезектешип зордуктап кетишчү экен. Мындан болжолу менен 2 ай мурун, айылда аксакалдар сотуна салышты. Бизди ортого алышып, «кызына тарбия берген эмес» деп аябай көп жаман сөздөр айтылып, ал жерде да териштирүү жүрдү. Ал жерде 230 миң сом берип, элдешкиле деп чечип беришкен. Бирок андан да эч кандай жылыш болгон жок. Учурда баласына 6 ай болуп калды. Жалаң сатып алып сүт беребиз. Төрөгөндө аябай кыйналып төрөгөнү үчүн эмизүүгө болбойт деп айтышкан. Бала да оорукчан болуп калат деп ойлоп, аябай текшерүүдөн өткөрдүк, таза чыкты. Карапайым эл үчүн мыйзам иштебейт экен да. Ушул жерде башка бир чоңдун кызы же байдын кызы болсо качан жыйынтык чыгып калмак эле. Бизди колубуздан эч нерсе келбейт деп мазакташып, күн сайын убара кылып жатышат. Биз ал жерде бир балага гана күнөө артылсын дебейбиз, баары өз жазасын алсын. Кызды уруп, сабап зордукташчу экен. Мен дагы талаа жумуштары, мал менен жүрүп, ушул кыз менен олтуруп, ачык сүйлөшкөн эмес экенбиз. Ар бири кыйнаганы үчүн жооп беришсин», — деди ал.

Ал эми Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын айтымында,  аталган кылмыштын бетин ачуу максатында бардык тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу көрсөтмө берген жарандардын 15ке жакыны тергөөдө суралды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин июнь айында Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева 17 жаштагы кыз көз жарганын билдирген.
Анын айтымында, ага Бакай-Ата районунун тургуну арызы менен кайрылып, 2004-жылы туулган кызын айылдагы балдар алсыздыгынан жана ден соолугунун начардыгынан (кем акыл) пайдаланып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын 1-Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталган материал келип түшкөнүн билдирген. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн. Аталган факт аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренесинин (16 жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал учурда кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Таенеси жээн небересин үй-бүлөлүү тургундар да зордуктап жүргөнүн кошумчалаган.

«Бул кызымдын кызы, 2004-жылы туулган. Төрөлгөндөн тарта менин колумда. Өзү акыл-эс жагынан артта калгандыктан, мектепте 9-класска чейин гана окуду. Мунун кош бойлуу экенин биз 4,5 ай болгондо билдик. Анда дагы жүрөк ооруткан окуядан кийин билдик. Бир күнү кошуна бала кызымдын стол көтөрүшүп коюусун суранып келди. Мен барып жардам бер дедим. Жарым сааттай жок болуп кетти. Мен сарсанаа болуп аркасынан барсам, эшиги бек экен. Жүрөгүм бир нерсени сезип, катуу тарта баштадым. Ошол маалда эшик ачылып кетти. Кирсем эле баягы кошунанын баласы менен дагы бир кошунанын баласы шымдары тизеге чейин түшүп, менин кызымдын шымы жок, жерде жатат. Үйүндөгүлөр Бишкекте экен. Тиги эки баланы колума таяк алып кубаладым. Анан кызымды алып кеттим. Андан улам-улам сурасам, унчуккан жок. Ошентип чочуп, кызымды аркасынан калбай, кайтарып калдым. Элге айткандан уялдым. Сөөмөйү менен көрсөтпөсүн деп унчуккан жокмун. Баланын апасы Бишкектен келгенде барып айтсам, баласы эч нерсе кылган жокмун деп танып койду. Анан бир аз убакыттан кийин кош бойлуу экенин билип жатабыз.

Элге сөз болбойлу, айыл ичинде сөз болбосун деп, кызды Бишкек шаарына жөнөттүк. Төрөгөнчө ошол жакта жүрдү. 8-июнь күнү төрөп, ошондо милиция кызматкерлери келип, териштирүү башталды. Ушул жерден эсти оодара турган жагдайлар чыкты. Өзү менен теңтуш, керек болсо үй-бүлөсү бар эркектер тергөөдө бири-бирин көрсөтүштү. Мен үйдө жок кезде же огороддо жүргөндө келип, зордуктап жүрүшкөн экен. Азыр 20га жакын бала тергөөдө сурак берип жатат. Кызыбыз өзү толук кандуу жооп бере албагандыктан, биз дагы билбегендиктен тергөө дагы жылбай жатат. Бүгүн Акыйкатчынын бул жактагы өкүлүнө арыз жаздык. Ушул тергөөнү тездетип, акыйкаттуу кылып берсин деп сурандык», — деген ал.

Такталгандай, Т.С.нын апасы 2003-жылы турмушка чыккан. 2004-жылы кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Зордукталды делген кыздын апасы 2015-жылы кайрадан турмушка чыгып, кыз таенесинин тарбиясында калган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10320