Муздаткыч өчкөндүктөн жараксыз болуп калган вакцинадан улам №2 үй-бүлөлүк медицина борбору менен Ленин районуна караштуу №1 үй-бүлөлүк бириктирилген медицина борборунун жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев билдирди.
Мааламтака ылайык, №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып 994 доза вакцина жараксыз болуп калганы айтылган. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ал мезгилде үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилигин жазалап, сөгүш берген.
Эскерте кетсек, буга чейин шаардагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып 994 доза вакцина жараксыз болуп калган. Анын чыгымы 840 миң сом болгон.