Өткөн суткада коронавирус 308 кишиден табылып, 332 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 102 186га жетти. Илдет илештиргендердин ичинен 95 446 киши дартты жеңди. Оору жуктургандар адаттагыдай эле Бишкекте көп.
Жуктургандар:
- Бишкек – 164;
- Ош – 12;
- Чүй облусу – 76;
- Ош облусу – 11;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 19;
- Жалал-Абад облусу – 13;
- Баткен облусу – 4.
Айыккандар: - Бишкек – 181;
- Чүй облусу – 101;
- Ош облусу – 3;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 34;
- Жалал-Абад облусу – 6.
Эскерте кетсек, өлкө боюнча ооруканаларда 1 521 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 445 бейтаптын абалы оор болсо, 73 кишиники өтө оор деп бааланды.