Бишкектин Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менен жол кырсыгы катталып, 3 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 8:30 чамасында катталган.
«Жол кырсыгында BMW X5 жана Subaru унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 жаштагы кыз жаракат алып, №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилди. Учурда унаалар убактылуу айып короосуна токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда», — деп билдирди кайгуул кызматынан.