Жарамазан айтып, жаш балдар жол боюна чыгып кетип жатат. Ата-энелер, балдарыңыздарга көзөмөлдү күчөтүңүздөр! Мындай билдирүүнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратууда.
» Жаш балдар токтогон машинага жабышып, тамак ичип отурган коомдук тамактануучу жайга киришип, адамдарга, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, жол коопсуздугунун эрежелерин сактабай жатышат» -деп жазылат билдирүүдө.
14-апрелден 15ине караган түнү Ош ОИИБи тарабынан рейд уюштурулуп, 43 бала колго түшкөн. Алардын 19у убактылуу адаптациялык борборго киргизилген. 2 өспүрүм балдар үйүнө жеткирилип, калган 11инин ишин өспүрүмдөр комиссиясы карап чыгат.