Японияда жашаган Коко ысымындагы мышык адам өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, картаң адам канализация чуңкуруна түшүп кеткен. Ал жерге мышык барып адам түшүп кеткен жерди кечке карап отуруп алган. Аны байкаган үй кожойкеси мышык караган жерди байкай калып, адамды көрүп жардамга милиция кызматкерлерин чакырган.
Бул эрдиги үчүн мышыкка мактоо баракчасы берилип, полиция кызматынын формасы кийгизилип, жетекчилик кызматы тапшырылган. Айтылган маалыматтарга таянсак, мышык бир күн жетекчилик кызматты аткарган.