Интернет булактарында азиат улутундагы белгисиз адам аялды күч колдонуп унаага отургузган видеосу тараган. Аталган факт катталып, ИИМдин транспортттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан видеого жазылган автоунааны текшерүү учурунда, ”Хюндай Соната” автоунаасы Б.К. жаранына катталып жана ал унааны 22 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну Р.М. айдап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021 жылдын 15-апрелинде «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында түнкү саат 01: 50дө 22 жаштагы Р.М. жана анын жубайы 23 жаштагы Ж.А. ортосунда ички ар кандай келишпестиктерден улам түшүнбөстүктөр пайда болгон. Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экендигин тергөө органдарына билдиришти. Бирок ага карабастан аталган факт боюнча тергөө өз ишин улантууда.