8-март күнү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ж.А.У. аттуу жарандын башкаруусунда унаанын ичинен Өзбекстандын өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндөгү, товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.