7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кумтөр Голд Компани» эки жаңы кенди ачты

581

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүндө эки жаңы кенди ачты. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2022-жылы Кумтөр кенинде геологиялык чалгындоо иштери Түштүк-Батыш, Борбордук, Музду-Суу жана Сарытөр участкаларында, ошондой эле калдыктары көмүлгөн жайларда кычкылданган жана сульфиддүү рудалардын запастарын табууга, баалоого жана чалгындоого багытталган.

Ошентип, Түштүк-Батыш жана Музду-Суу участокторунда коммерциялык кызыкчылык болушу мүмкүн болгон мурда аныкталган кычкылданган минерализациянын өнүгүшү ырасталды.

Запастардын жалпы өсүшү ачык жол менен казуу учурунда 20 тоннага чейин жана жер астындагы кендерди казууда 10 тоннадан 20 тоннага чейин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582